Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

3-апрель: Коменданттык саат талабын бузган 117 адам кармалды


Бишкек.

3-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат эрежесин бузган 117 адам кармалды, алты машине атайын токтотуучу жайга киргизилди. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте 86, Ошто 29, Сузак районунда бир, Кара-Суу районунда бир адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан 25-марттан баштап милициянын кайгуул тобу өлкө аймагында 1606 жаранды коменданттык саат эрежесин бузганы үчүн кармап, эртең менен кое берди.

25-марттан 15-апрелге чейин президенттин жарлыгы менен Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG