Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Кыргыз-тажик чек арасындагы кесилишке жол чырак жана байкоо камералары орнотулду


Кыргыз-тажик чек арасындагы Жака-Өрүк участогу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Жака-Өрүк участогу.

Кыргызстандын Баткен районунун Жака-Өрүк участогунан өткөн Баткен-Исфана автоунаа жолунун, Тажикстандын Исфара-Ворух автоунаа жолунун кесилишине 4 жол чырак (светофор) орнотулду. Баткен районунун Тажикстан Республикасы менен чектеш Ак-Сай, Көк-Таш айылынын аймактарына видео көзөмөл үчүн камералар орнотулду. Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылдын 14-январында кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу өткөн.

Бул жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу, айрым орун алган чыр чатактарга так, туура талдоо жүргүзүү максатында, чыр чатак көп катталган эки өлкөнүн чектеш аймактарына жол чырактарды жана байкоо камераларын орнотууну макулдашып, протоколго кол коюшкан.

Бул иштерди жасоону эки өлкө чогуу ишке ашырганын 3-апрелде «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG