Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирусту жугузуп алган жаңы 14 адам аныкталды. Бул тууралуу Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб 3-апрелде кабарлады. Маалыматка ылайык, төртөө башка өлкөлөрдө, 10 адам Кыргызстандын аймагында жугузган. Алардын алтоо Бишкек шаарынын, бешөө Жалал-Абад облусунун, экөө Жалал-Абад шаарынын тургундары. Чүй облусунан бир адам бар.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 130 адамда тастыкталды. Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 61
• Ош облусунда – 30
• Чүй облусунда – 6
• Баткен облусунда – 3
• Ош шаарында – 10
• Бишкек шаарында – 14
• Нарын облусунда – 4
• Ысык-Көл облусунда – 2
Булардын 72си - аялдар, 58и - эркектер. Ондон ашык жаш бала бар.
Бул илдетке чалдыккан бир адам каза болду. Беш адам буга чейин айыгып, ооруканадан чыгарылганы кабарланган.
Учурда төрт адам оор абалда ооруканада жатат. Өлкө боюнча 1900 адам обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. (BkA)