Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

COVID-19: Ноокаттагы өлүмдүн так себеби анализден кийин айтылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокатта коронавирус жугузуп, ооруканада жатып каза болгон адамдын өлүмүнүн так себеби анализдери текшерилгенден кийин гана айтылат. Бул тууралуу 3-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министрдин айтымында, ал Сауд Арабиясына барып келген. Алгачкы анализи боюнча коронавирус тастыкталып, стационарга жаткырылган.

«Анын кант диабети жана башка өнөкөт оорулары бар экен. Лабораториялык ыкма менен анализин текшергенден кийин өлүмдүн себебин айта алабыз. Өлгөнүн айттык, бирок кайсы оорудан экенин биздин паталогоанатомдор менен соттук-медициналык эксперттердин бүтүмүнөн кийин гана айта алабыз», - деди министр.

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, 2-апрелде Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап «биологиялык өлүмдөн каза тапты».

Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов ооруну жайылтпаш үчүн ар бир адам зарыл болбосо үйдөн чыкпашы керек экенин эскертип, Ноокаттагы маркумдун жаназасына туугандары катышпаганын билдирди.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 130 адамда аныкталды: Жалал-Абад облусунда 61, Ош облусунда 40, Баткен облусунда үч, Нарын облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда эки, Чүй облусунда төрт, Бишкек шаарында 16 адам. Бешөө айыгып чыкты, бирөө каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG