Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

Рамзан Кадыров Чеченстанга коменданттык саат киргизди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ага ылайык, кечки 8ден эртең мененки 8ге чейин көчөдө жөө жана машине менен жүргөнгө тыюу салынат. Бул тууралуу чечен лидери Рамзан Кадыров өзүнүн «Телеграм» каналына жазды. Анда кайсы бир мекеме-кызматтарга уруксат берилерин билдирди, бирок аларды тактаган жок. Кадыров бул аргасыз чара экенин жазып, «коронавирусту жарым-жартылай чаралар менен ооздуктоо мүмкүн эмес» деп кошумчалады.

Ошентип Чеченстан коменданттык саат киргизген Орусиянын алгачкы субъектиси болуп калды. Чечен бийлиги кафе, ресторан өңдүү эл көп чогула турган жайларды биринчилерден болуп жапкан. Борбор шаар Грозныйга 28-марттан тартып кирген-чыккандарды чектеген. Мындан бир күндөн кийин өлкөдө карантин жарыяланган. Ага ылайык, жарандарга азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга жана ооруканаларга барууга гана уруксат берилип, калгандарына үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Рамзан Кадыров буга чейин 5-апрелден тартып өлкөдөгү чек аралардын баары жабыларын эскерткен.

Рамзан Кадыров башында коронавирустан улам дүрбөлөңгө түшүп жаткан адамдарды кескин сынга алып, оорунун алдын алыш үчүн сарымсак жеп, бал менен лимон кошулган суу ичип турууга чакырып жаткан болчу.

Соңку маалымат боюнча, Чеченстанда коронавирус 10 адамдан табылды.

XS
SM
MD
LG