Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Москвада мекенине кете албай калган тажик мигранттарга түнөк табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын баш калаасынан үйлөрүнө уча албай көчөдө калган тажик мигранттары убактылуу баш паанек табышты. Аларга мекендеши, москвалык ишкер жардам берип жатат. Мигранттардын бири «Азаттыктын» тажик кызматына элчилик аларга каралашпай койгонун айтып берди. Аларды тажикстандык ишкер бир нече коттежге жайгаштырып, тамак-аш менен да камсыз кылып жатканын билдирди. Бирок жергиликтүү бийлик анын аракети мыйзамга каршы келет деген доомат артууда.

Мигранттар Орусияда калыш үчүн каттоо документтерин узартууга тийиш, ал эми тиешелүү мекемелер карантинге жабык.

Авиакаттамдар токтогондо Москвадагы Домодедово аэропортунда борбор азиялык 300дөй эмгек мигранты топтолуп калган. Алар бир нече күн терминалда түнөөгө аргасыз болушкан. 31-мартта бардыгын аэропорттон кууп чыгышкан. Алардын 200дөн ашууну тажик жарандары болчу.

XS
SM
MD
LG