Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Новосибирск: Каттам күткөн кыргыз жарандары мейманканага жайгаштырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстанга авиакаттам күтүп жаткан 132 кыргыз жараны ошол жактын мейманканаларына убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, «Толмачево» аэропортунан Кыргызстанга чартердик рейс уюштуруу маселеси жакын арада чечилгени жатат.

Мейманкананын акысын Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү төлөп берди. Ал эми Новосибирскидеги кыргыз диаспорасы тамак-аш жана транспорт жагынан колдоо көрсөттү.

Ал эми ошол эле аэропорттун транизиттик зонасында кыргызстандык дагы алты жаран 26-марттан бери чыга албай, камалып турганын "Азаттыкка" билдиришти.

31-мартта Новосибирск облусунда коронавируска байланыштуу адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган.

Бул шаардын аэропортунда Кыргызстанга кайта албай, топтолуп турган кыргызстандыктардын саны 203 киши экенин алар өзүлөрү «Азаттыкка» кабарлашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG