Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Бишкектеги эки ун комбинаты ишин жандантты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары өз ишин жандантты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган ишканалардын курамына кирген «Акун» компаниялар тобунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Асел Турдиева кабарлады. Анын айтымында, 2-апрелде Бишкек шаардык комендатурасы чектелүү санда «Акун» ун комбинатынын жумушчуларына уруксат кагазын берген.

Ал эми «Бишкек ун комбинатынын» жумушчуларына азыркыга чейин уруксат кагазын бербей жатат.

Турдиева комендатура мурдагы жөнөтүлгөн документтерди жоготуп жиберип, бүгүн үчүнчү ирет документ толтурууга аргасыз болгонун билдирди. Буга карабай ишканалар өндүрүштү токтотпош үчүн аргасыздан ун тартууну улантып жатат.

Аталган ишканалар 2-апрелде өндүрүштү аргасыздан токтотконун жарыялаган. Буга себеп катары ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлеринин жумушка келе албай жатканын көрсөткөн болчу.

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев «Бишкектеги «Акун» ишканасынын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт» деп билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG