Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Кызыл-Кыяда жардамга муктаждар менен медиктердин үй-бүлөлөрүнө тамак-аш таратылды

Кызыл-Кыя шаарында жардамга муктаждарга  тамак-аш таратуу.
Кызыл-Кыя шаарында жардамга муктаждарга тамак-аш таратуу.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында «АРТ Пласт» жоопкерчилиги чектелген коому 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратып берди. Анын ичинде 50 медицина кызматкеринин үй-бүлөсү бар. Ишкана шаардагы медициналык мекемелерге жана санитардык-карантиндик посттогу кызматкерлерге коргонуучу каражаттарды да тапшырды.

Көрсөтүлгөн жардам аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген, кырдаалга байланыштуу жумушсуз калган жарандарга, маянасы аз кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө мэрия менен бирге жеткирилүүдө.

Кызыл-Кыя шаарында коронавирус илдети 3 кишиден табылган. (JsA)

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG