Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Тест-системалардын тартыштыгынан 8198 адамдын анализи текшерилбей турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирусту аныктоочу тест-системалардын тартыштыгынан 8198 адамдын анализи текшерилбей турат. Бул тууралуу 3-апрелде басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин лабораторияга тесттен өткөрүш үчүн 17911 адамдан анализ алынган. Алардын ичинен 9730 адамдыкы атайын лабораториялык изилдөөдөн өтүп, 130 адам коронавируска чалдыкканы аныкталган.

8198 адамдан алынган анализдер тест-системалардын жетишсиздигинен улам лабораторияда сакталып турат.

Кыргызстанда короанвирусту аныктоочу тест-системалардын жетишсиздиги байкалып жатканы Коопсуздук кеңешинин 31-марттагы жыйынында да айтылган. Анын жүрүшүндө бул системаларды өз убагында камсыздабаганы үчүн президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди сынга алган эле. Бир күндөн кийин бул адамдар ээлеген кызматынан бошотулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG