Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Милиция Чүйдө бир күндө эки өспүрүм жанын кыйганын тастыктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө бир күндө эки өспүрүмдүн өлүмү катталды. Бул маалыматты облустук милиция тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, окуучу балдар өз жанын өздөрү кыйган.

Каргашалуу окуялар Ысык-Ата районунда 29-мартта эки башка айылда болгон. Бири эртең менен, экинчиси кечинде катталган.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда соңку жарым айда беш өспүрүм өз жанын кыйганы кабарланган.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизилген.

Республикалык штабдын 3-апрелдеги маалыматына караганда, өлкө боюнча коронавирус жуккандардын саны 130 кишиге жетти, алардын бирөө каза болду.

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганын айтып, балдар арасында суицидди азайтууга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG