Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Перуда аялдар менен эркектер көчөгө кезектешип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Перунун президенти Мартин Вискарра коронавируска байланыштуу жагдайдан улам 3-апрелден тарта жарандарды көчөгө жынысына карап чыгууга милдеттендирди.

Ага ылайык, 1чи, 3чи жана 5-күндөрү эркектер, ал эми аялдар 2чи, 4чү жана 6чы күндөрү көчөгө чыга алат. Ал эми дем алыш күнү бардык жарандар үйүндө отурушу керек. Ошондой эле көчөгө чыккандар карантин шарттарын сакташы зарыл. Ал эми өлкөнүн борбору Лимада коменданттык саат жарыяланган. Мартин Вискарра соңку жагдайда сексуалдык азчылыктардын кызыкчылыгын эске алууга да убада берди.

Вискарра мындай чечимин көчөлөрдө жана коомдук жайларда адамдардын санын азайтуу талабы менен түшүндүрдү. Аялдар менен эркектер кезектешип сыртка чыга турган болсо мындай чектөөнү көзөмөлдөө алда канча жеңил болорун айтты.

Перуда коронавирус 1,5 миңге чукул адамдан аныкталды, оору 55 адамдын өмүрүн жалмады.

XS
SM
MD
LG