Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстанда COVID-19 илдети жуккан алтынчы адам сакайды (видео)


Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын реанимация бөлүмү. 2020-жыл.
Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын реанимация бөлүмү. 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги 3-апрелде COVID-19 илдети жуккан бейтап сакайып, үйүнө чыгарылганы тууралуу маалымат таратты.

Баткен облустук ооруканасында дарыланып жаткан 34 жаштагы аялдан алынган ПЦР анализи (үзгүлтүксүз полимердик реакция) анда коронавирус жок экенин көрсөткөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 илдетинен беш адам сакайып чыкканы кабарланган.

4-апрелде коронавирус Кыргызстанда 130 кишиге жукканы маалым болду.

Анын ичинен Жалал-Абад облусунда – 61, Ош облусунда – 30, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 10, Бишкек шаарында – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 киши бул илдетке кабылганы аныкталган.

Булардын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер. Ондон ашуун балдар бар. 1900 киши обсервацияда жатат.

2-апрелде Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну кайтыш болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG