Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

4-апрель: COVID-19 дагы 14 адамга жукту (видео)


Баткендеги оорукана.
Баткендеги оорукана.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясы жуккан дагы 14 адам катталды. Алардын ичинен бирөө - Бишкек шаарында, бешөө - Ош облусунда, экөө - Ош шаарында, алтоо - Жалал-Абад облусунда.

2020-жылдын 4-апрелине карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясын жугузгандардын жалпы саны 144 болду.

Анын ичинен Бишкекте – 15, Ош шаарында – 12, Ош облусунда – 35, Баткен облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 67, Чүй облусунда – 6 Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда 4 кишиден коронавирус табылган.

Оштун Ноокат районунун коронавирус жуккан бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Алты адам сакайып чыкканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG