Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

Трамп беткап жана медициналык каражаттарды экспорттоого тыюу салды


Америкалык 3M компаниясынын №95 респиратору.
Америкалык 3M компаниясынын №95 респиратору.

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус менен күрөштө керектүү медициналык каражаттарды жана дары-дармекти экспорттого тыюу салды.

"Мен медициналык каражаттарды митайым оюнчулар жана кызыл кулактар экспорт кылышына каршымын. Ошон үчүн өндүрүштү коргоо Актына шайкеш келген токтомго кол койдум", - деди Трамп.

Токтомго ылайык америкалык өндүрүшчүлөргө респиратор, хирургиялык беткап, мээлей баштаган коргоочу каражаттарды экспорттоого тыюу салынат. Трамп бул каражаттар Кошмо Штаттардын өзүнө керек экенин белгиледи.

Президенттин билдирүүсүндө Федералдык саламаттык сактоо башкармалыгы экспортко кымбат баада кете турган бир нече миң респиратор, беткап жана дезинфекциялоочу каражаттарды көзөмөлгө алды.

"Бул каражаттардын көбү америкалык медициналык жайларга келип түштү", - деди Трамп.

Буга чейин №95 респираторун чыгарган америкалык 3M компаниясы администрациянын Канадага жана Латын Америкасына экспортту токтото туруу сунушун четке каккан. Компания мындай кадам аймакта гуманитардык көйгөйдү гана жаратпастан, бул өлкөлөрдү жооп иретинде чара көрүүгө түртө турганын билдирген.

Компания коргонуучу каражаттарды көбүрөөк чыгара баштаганын айтканы менен айрым штаттардын губернаторлору беткаптарды чет элдик кардарлар менен талашып алып жатканына даттанышууда.

XS
SM
MD
LG