Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:12

"Айгүл Тоо" коругуна быйыл киши киргизилбейт


Айгүл. Баткен.
Айгүл. Баткен.

Бул тууралуу буйрукка Баткен районунун акими Каланбек Маркаев кол койгонун “Азаттык” радиосуна райондук акимчиликтен билдиришти.

"Коронавируска байланыштуу быйыл аталган корукка туристтер киргизилбейт. Бул чечим жарандардын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Кызыл китепке кирген Айгүл апрель айынын башынан ортосуна чейин гүл ачат. Жыл сайын аны көрүү үчүн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругуна өлкө аймагынан жана чет өлкөлөрдөн 10 миңден ашуун адам келип, Баткенде ар кандай иш-чаралар, фестивалдар өтүп турчу.

4-апрелде Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 144кө жеткени кабарланды. Алардын үчөө Баткен облусунун тургундары. 3-апрелде бир бейтап сакайып, үйүнө чыгарылды. (JsA)

XS
SM
MD
LG