Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

“Манас” аэропорту ИИМдин 38 кызматкерине айлык берүүнү токтотту


Ички иштер министрлиги “Манас” эл аралык аэропорту коомдук тартипти сактоо милдетин аткарган 38 милиция кызматкерин 1-апрелден тартып каржылоону токтотконун билдирди.

Буга себеп катары аэропорт Эсеп палатасынын сунушун келтирген. Аталган кызмат “Манас” эл аралык аэропортунун каржылык-чарбалык иштерин текшерип чыгып, ИИМдин Аба транспорттук милициясын негизсиз каржылап жатканы тууралуу эскертүү берген.

Ички иштер министрлиги болсо 38 кызматкер мекеменин кадрлар бөлүмүнүн карамагына алынганын жана аларга тиешелүү иш орундары сунушталарын маалымдады. Мыйзамга ылайык эки ай ичинде мурдагы айлыктары сакталары айтылат маалыматта.

Учурда "Манас” эл аралык аба майданында коомдук тартипти сактоо багытындагы милициянын ишмердүүлүгү токтотулбаганы маалым болду. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Буга чейин "Азаттык" радиосуна атын атагысы келбеген милиция кызматкери "Манас” эл аралык аэропортундагы ишинен негизсиз кетирип жатышканына арызданган. (TSh)

XS
SM
MD
LG