Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Министрлик: Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү белгисиз


2020-жылы жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы респубиликалык тестирлөөгө каттоо жана анын өткөрүү мөөнөтүн белгилөө өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

Ал эми 5, 6, 7, 8, 10-класстарынын окуучулары үчүн экзамендер, 9-11-класстардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялары, республикалык жана альтернативдүү олимпиадалар боюнча дагы кошумча маалымат берилет.

Надира Жусупбекова министрлик дистанттык окутуу маселелери боюнча ыкчам жардам көрсөтүү тобу түзүлгөнүн маалымдады. Ал топтогу мугалимдер окуучулар менен ата-энелерге кеңеш беришмекчи.

Ыкчам топтун байланыш номурлары 0550-512-075; 0550-801-026. (TSh)

XS
SM
MD
LG