Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Бишкек коменданты жакынкы жети күндө элди үйдөн чыкпай отурууга чакырды


Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев жакынкы бир-эки күндө биринчи коронавирус жуктургандардын инкубациялык мөөнөтү аяктарын белгилеп, алдыдагы жети күндө шаардыктарды үйдөн чыкпоого чакырды.

Коменданттын кайрылуусун Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев "Фейсбук" баракчасы аркылуу таратты.

“Жакынкы жети күн ичинде үйдөн чыкпай отурууну суранабыз. Илдеттин инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн 21 күнгө чейин. Кыргызстанда алгачкы учур 18-мартта катталган”, - деп айтылат кайрылууда.

Бүгүнкү күндө COVID-19 диагнозунан жалпы тогуз адам айыкты. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Анын ичинен бирөө кайтыш болду. Обсервацияда 1660 адам жатат.

Өлкөнүн айрым аймактарында кирген өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 15-апрелде аяктайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG