Илон Масктын SpaceX компаниясынын "Страшип" ракетасынын прототиби Техастын Бока-Чика полигонундагы сыноо учурунда кыйрады. Жараянды YouTube порталында NASASpaceflight каналы түз көрсөттү.
Илон Маск авариянын чоо-жайы изилденерин билдирди. "Старшип" буга чейинки эки ирет сыналып, ийгиликсиз аяктаган.
Ракета муздатылган пропеллент майы алмаштырылгандан кийин кулаганын The Verge басылмасы жазды.