Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

Министр: Коронавируска чалдыккан медкызматкерлердин абалы жакшы


Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин абалы жакшы экенин билдирди.

Бул тууралуу министрдин кеңешчиси Елена Баялинова маалымдады. Министрдин айтымында, тогуз медкызматкердин ичинде санитар, тамак ташыгыч, кир жуугучтар да бар.

“Бул кызматкерлер биринчи чекте турушту. Биз алардын бардык муктаждыктарын камсыз кылганга аракет кылдык. Учурда өзүн жакшы сезип жатышат, клиникалык белгилери жок. Тыкыр көзөмөлгө алынууда”, - деди Абдыкаримов.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеп жаткан медицина кызматкерлеринде илдет жуктуруу тобокелдиги жогору экенин белгиледи. Министр учурда дарыгерлерди коргоодо бардык чаралар көрүлүп жатканын белгилеп, кесиптештерин сак болууга чакырды.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен тогуз дарыгер ооруп жатканы аныкталды. Тогуз медкызматкердин ичинен жетөө Жалал-Абад облусунда болсо, бирөө Бишкекте, бирөө Ошто. Өлкө боюнча жугуштуу илдетке чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти. Илдет жуккандардын ичинен бирөө кайтыш болду. Тогуз адам айыгып чыкты. (TSh)

XS
SM
MD
LG