Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

5-апрель: коронавирус дагы үч адамга жукту (видео)


5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абыкаримов маалымдады.

Жалал-Абад облусунда – 67, Ош облусунда – 35, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Бишкек шаарында – 18, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиден коронавирус табылган. Алардын 9у дарыгерлер. Обсервацияда 1454 адам жатат.

Вирусту жуктурган 147 киши менен байланышта болгондордун саны - 5048, анын ичинен жакын байланышта (үй-бүлө мүчөлөрү) болгон адамдардын саны - 548.

Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Буга чейинки эсеп менен тогуз адам сакайганы кабарланды. Бирок 5-апрелде министр коронавирустан айыккандардын санын 8 киши деп айтты. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG