Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Министр “коронавирустан дарыланган жокмун” деген аял боюнча жооп берди


Сабыржан Абдыкаримов.
Сабыржан Абдыкаримов.

Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов Интернетте “коронавирустан дарыланган жокмун” деген аялдын видеосу боюнча комментарий берди. Абдыкаримов жалган маалымат тараткан адамдарга мыйзам боюнча жаза каралганын эскертип, аялдын айткандарын жокко чыгарды.

“Кээ бир кишилер "мени дарылаган жок, ооруган жокмун" деп айтып жатышат. Ал киши балким оорубагандыр, бирок анын денесинде вирус болгондон кийин чөйрөгө кооптуу болуп эсептелет. Ошондуктан биз аларды дарылап чыгаргандан кийин "мен дары ичкен жокмун" дегени акылга сыйбайт”, - деди министр.

4-апрелде социалдык тармактарда 14 күн карантинде жатып чыктым деген аял коронавирус менен оорубаганын жана дарыланбаганын айтып берген видео тараган. Аял "Аксы районунда бир адам коронавирустан айыгып чыкты" деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырган.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Буга чейинки эсеп менен тогуз адам сакайганы кабарланды. Бирок 5-апрелде министр коронавирустан айыккандардын санын 8 киши деп айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG