Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Коронавируска чалдыккан эки киши жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат


Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен беш адам оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен эки адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, үч адам кислород менен дем алууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдыкаримов маалымдады.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктурган үч адам катталды. Алар Бишкек шаарынын тургундары. Ошону менен өлкөдө коронавирусту жуктургандардын саны 147 киши болду. Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну 2-апрелде кайтыш болгон. Буга чейинки эсеп менен тогуз адам сакайганы кабарланды. Бирок 5-апрелде министр коронавирустан айыккандардын санын 8 киши деп айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG