Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

"Lamborghini" медициналык беткаптарды чыгара баштайт


"Automobili Lamborghini" автоунааларынын бири.
"Automobili Lamborghini" автоунааларынын бири.

Италиялык "Automobili Lamborghini" компаниясы хирургиялык жана медициналык беткап чыгаруу үчүн бир канча цехтерди жабдуулар менен камсыздайт.

Беткаптар Болонье шаарындагы ооруканаларга берилери компаниянын сайтында жазылды.

Мурдараак "Armani"​ мода үйү Италияда COVID-19 вирусун жуктургандарды караган дарыгерлер үчүн бир жолу кийчү атайын халаттарды тиге баштарын кабарлаган.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 5-апрелге карата Италияда 124 600дөн көп киши коронавирусту жуктуруп алды. Каза болгондор 15300дөн көп. Сакайгандар 21 000ге жетип калды.

COVID-19 181 мамлекетке жайылды. Илдетке чалдыккандардын саны 5-апрелде 1 миллион 200 миң кишиден ашты. Алардын 65 миңге жакыны көз жумду, 247 миңдейи сакайып кетти.

Оору жуккандардын эң көбү АКШда (312 миңгден көп). Андан кийин Испания (126 миңден ашат), Италия (124 миңден көп), Германия (96 миңден ашты), Франция (91 миңге жакындап калды) турат.

Ал эми коронавирус тутанган Кытайда 82500дөн көп киши бул вирусту жуктурган. Бул өлкөдө азыр ооругандар сакайып, абал жакшырып жатканы айтылууда.

Бишкекте беткап чыгарган жабдык он жылдан кийин ишке кирди.

XS
SM
MD
LG