Мунай экспорттоочу мамлекеттердин өкүлдөрүнүн 6-апрелге белгиленген видеоконференциясы жылдырылды. "Reuters" агенттиги билдиргендей, онлайн жыйын 8-апрелде же 9-апрелде өтүшү ыктымал.
Конференция Эр-Рияд менен Москванын мунай өнүдүрүшүнө байланыштуу тил табыша албаганынан улам өз убагында өтпөй калды.
Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдош үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуш кылган. Орусия өндүрүштү чектөөгө негиз жок экенин билдирип, сунушка макул болгон эмес. Буга жооп катары Эр-Рияд мунайын арзандатып, өндүрүшүн күчөткөн.
Орусия мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК+ тобуна кирген өлкөлөрдүн келишимин узартуудан баш тарткан. Москва 6-апрелге белгиленген жыйында «туура чечим» кабыл алууга чакырган.
Ишембиде мунайдын "Brent” үлгүсүнүн бир баррели 35 доллар болду. Былтыр жыл этегинде бул көрсөткүч 65 долларга жетип турган.