Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Москвада курулушта чыккан өрттө кыргызстандык каза болду  


Голохвастово кыштагындагы жаңы оорукананын курулушу.
Голохвастово кыштагындагы жаңы оорукананын курулушу.

Москвада коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргызстандык каза болгонун Нурбек Абдрахманов «Азаттыкка» кабарлады.

Курулушта иштеген Абдрахмановдун айтымында, 5-апрелдин таңында мигранттар жашаган чатырда өрт чыгып, бир адам тышка чыга албай калган.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге чыгып кетишкенин билдирди.

Буга чейин 30-мартта жумушчулар жашаган жети чатырда өрт чыгып, иштегендердин кийим-кечеси, документтери өрттөнүп, үч адам жабыркаганы маалым болгон. Кыргызстандыктар миңдеген мигрант иштеген жайда коронавируска байланыштуу санитардык коопсуздук, өрт өчүрүү жана тез жардам көрсөтүү каралбагандыгын белгилешкен.

Москвадагы кыргыз элчилиги өрттөн кыргыз жарандары жабыркабаганын, ал эми документсиз калган жети жаранга укуктук жардам көрсөтүлө баштаганын билдирген.

Москвада жаңы инфекциялык оорукананы КМШ өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигранттар куруп жатышат. Расмий маалыматка караганда курулушка алты миңден сегиз миңге чейин жумушчу тартылган. Мекендештердин айтымында, алардын эки миңдейи кыргызстандыктар.

Москвадан 30 чакырым жерде жайгашкан Голохвастово кыштагында коронавирус жуккандар үчүн оорукананын курулушу 12-мартта башталган. 43 гектар аймакта жалпы аянты 70 миң чарчы метрден ашкан 500 орундук бейтапкана курулуп жатат. Москванын мэри Сергей Собянин аны бир айда бүтүрүүгө убада берген. (LzT)

XS
SM
MD
LG