Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

10 күндөн бери изделип жаткан окуучунун сөөгү көлдөн табылды


Окуучунун сөөгү табылган көлдүн жээги.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 16 жаштагы окуучу 27-мартта айылдаштары менен көлдүн жээгиндеги эс алуучу жайлардын бирине барышкан. Ал өзүнчө кетип ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Куткаруучулар 10 күндөн бери издеп жүрүп, "Марко Поло" пансионатына жакын жердеги суудан табышкан. Баланын сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG