Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:47

ИИМ: Өлкөдөгү обсервация борборлору милициянын кайтаруусунда


Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Ысык Көл, Ош облустарында обсервация борборлорун милиция кызматкерлери кайтарып жатканын билдирди.

ИИМ обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди сактап, коргонуучу атайын кийимдер, санитардык каражаттар менен жабдылганын маалымдады. Милициянын маалыматына ылайык, күзөттөгү кызматкерлер обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышпайт. Күзөттөгү кызматкерлердин кезеги бүткөндөн кийин алар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүшөт. Өлкөдө обсервацияда 1554 киши жатат.

Ошондой эле республика аймагындагы посттордо турган милициялар да эпидемиологиялык эрежелерди сактап жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG