Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Эңилчек жайлоосунда оор кылмышка шектүүгө окшош кишинин сөөгү табылды


3-апрелде Ак-Суу районун аймагындагы Сырт өрөөнүндө белгисиз кишинин сөөгү табылды. Сөөктүн жанында мылтык болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди:

«Атайын маалыматтын үстүндө иштеп жатып, «Хан-Теңири» лагеринен 3 чакырым алыс, токойдун ичинен адамдын сөөгүн жана «Вепрь» үлгүсүндөгү мылтык табышкан. Сөөк облустук бириктирилген ооруканага жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды».

Сөөк Эңилчек жайлоосундагы «Тур Хан Тенгри» туристтик базасынын кароолчусу 29 жаштагы Сергей Смирнов аттуу жаранга тиешелүү болушу жана ал өзүн өзү атып өлүшү мүмкүн деген божомол айтылууда.

Сергей Смирнов былтыр 4-июлда лагердин жетекчисинин орун басары Дөөлөт Азимкулов менен бир кызматкерди өлтүрүп, бир кишиге бычак сайып, бир аялды барымтага алып качып кеткени, эртеси барымтадагы аялды коё бергени кабарланган. Бул кылмышка шектүү жаран Сергей Смирновго издөө жарыяланган. (KS)

XS
SM
MD
LG