Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

ИИМ: Коменданттык саат талабын бузган 78 адам кармалды (видео)


Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сузак району. Иллюстрациялык сүрөт.

6-апрелге караган түнү Кыргызстандын аймагында коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузган 78 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 66сы Бишкек шаарында. Ош шаары боюнча эки, Жалал-Абад шаары боюнча алты, Сузак районунда эки жана Кара-Суу районунда эки адам. Баары тең милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Ноокат районунда коменданттык саат талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда, 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1 944 адам кармалып, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилген.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG