6-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу 69 кишиде аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында:
Ош облусунда – 47
Бишкекте – 5
Чүй облусунда – 1
Нарын облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 13 киши.
Министрдин айтымында, бул адамдардын бардыгы - обсервацияда жаткандар.
Ошентип, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү табылгандардын саны 216 киши болду.
Буга чейин COVID-19 вирусу табылган эки кыргызстандык каза болгон, 6-апрелде дагы экөө көз жумду. (RK)