Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Исаков дистанттык окутуу боюнча онлайн жыйын өткөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 6-апрелде шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын директорлору, билим берүүнүн облустук координаторлору менен дистанттык билим берүүгө акыркы даярдык боюнча онлайн конференция өткөрдү.

Анда министр аткарылып жаткан акыркы иштер боюнча маалымат, электрондук ресурстар боюнча түшүндүрмө берди. Жетекчилерди сунушталган каражаттар менен гана чектелбей, өз алдынча изденүүгө чакырды.

«Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керек. Биз даярдап жаткан видеосабактар 20 мүнөттөн болот жана темага байланыштуу минималдуу билим берет. Мугалимдер окуучулар менен байланышып, алардын суроолоруна жооп берип, теманы бышыктап, тапшырмаларды бериши керек. Эң башкысы - окуучуларга жакшы мамиле жасалып, ийкемдүү жадыбал түзүшүңөр зарыл», - деди министр.

Исаков мындай кырдаалда мугалимдерди ар тараптан колдоого алуу зарыл экенин эскертти.

Онлайн жыйында министрдин орун басары Надира Жусупбекова мектепке чейинки даярдоо жана 1-11-класстар үчүн видеосабактардын телеканалдардагы жадыбалы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 8-апрелден тартып IV чейректин сабактары КТРКнын «Баластан» (1-4-класстардын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим» (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида» каналдарынан, 5-каналдан эфирге берилет.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөт. Мындан тышкары «Альфа телеком» же Мегаком» байланыш компаниясы сунуш кылган «МЕГА 24» тиркемесинде жайгаштырылат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG