Бишкектеги убактылуу камоочу жайда кармалып тургандарга жана кызматерлерге беткап менен антисептик каражаттары берилгенин Кыйноого каршы улуттук борбордун басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2000 кол кап, 1500 беткап жана 200 антисептик берилген.
Кыргызстандагы жабык жайларда кармалып тургандарды коронавирус илдетинен сактоо максатында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бир катар чараларды көрүүдө. Анын ичинде жабык жайларда иштеген кызматкерлер беткап, санитардык коргоочу каражаттар менен камсыздалган. Түзөтүү мекемелеринде отурган адамдар менен жолугушууга убактылуу тыюу салынган, гигиеналык каражаттардан башка буюм-тайым берүүгө чектөө киргизилген.
Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде он миңден ашуун адам камакта.(ZKo)