Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Апрель айында пенсия карыялардын үйлөрүнө жеткирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кары адамдар арасында жугуштуу илдеттин жайылышынын алдын алуу максатында пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн жана банктардан алып жүргөн карыялардын акчасы үйлөрүнө жеткирилет. Социалдык фонддун маалыматына караганда, өлкөдөгү 670 миң пенсионердин 55% пенсиясын банктардан, калганы почта бөлүмдөрү аркылуу алат.

Пенсия жеткирүү милдети «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлерине жүктөлдү. Ошондой эле бул ишкана банкоматтардын кызматынан пайдалана албаган пенсионерлер үчүн «РСК Банк» жана «Айыл Банктын» посттерминалдары аркылуу төлөп берет.

Пенсия толук көлөмдө жана кечиктирилбей берилет. Үйлөргө жеткирип берүү графиги «Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкерлеринин жөндөмүнө жараша түзүлөт.

Жалпы пенсия жана жөлөкпул үчүн Социалдык фонд март айында 3 млрд. 921,1 млн. сом сарптаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG