Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

Орусияда коронавирус жуккандар дээрлик миң кишиге көбөйдү


Коронавирус жуккан адамды алып бараткан орус дарыгерлери. 4-апрель, 2019-жыл.
Коронавирус жуккан адамды алып бараткан орус дарыгерлери. 4-апрель, 2019-жыл.

Орусияда соңку бир сутка ичинде 954 адам коронавирус жугузуп алганы ырасталды. Бул илдет өлкөдө адеп катталгандан берки суткалык эң жогорку көрсөткүч. Натыйжада 6-апрелге карата Орусиянын 49 аймагында коронавируска чалдыккандардын саны 6343 кишиге жетти. Анын ичинен 406 адам оорудан айыгып чыкса, 47 киши көз жумду.

Коронавирусту Москвада кеминде үч чиркөө кызматкери жугузуп алганы белгилүү болду. Алар шаардык епархиянын диний кызматкерлери экенин РБК баштаган орус маалымат каражаттары билдирүүдө.

Орусиянын православ чиркөөсү коронавируска байланыштуу диний жайларга чектөө коюудан баш тартып келген. Бирок 17-мартта Москванын жана бүткүл Орусиянын патриархы Кирилл диний жөрөлгөлөр маалында санитардык эрежелерди күчөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG