Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны бир суткада дароо 69га көбөйүшүнүн себебин түшүндүрдү. Мекеменин маалыматына караганда, буга 12-13-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келгендерден алынып, тоңдурулуп коюлган үлгүлөр текшериле баштаганы себеп болду.
Маалыматта «бул үлгүлөр аталган адамдар 17-мартта обсервацияга жаткырылган кезде алынып, тоңдурулуп коюлган. ПЦР анализ жүргүзүүгө керектүү реагенттер жок болгондуктан аларды тесттен өткөрүү мүмкүн болбой жаткан» деп айтылат.
Министрлик белгилегендей, 69 адам обсервацияга алынган, элге аралашуусуна жол берилген эмес.
Жалпысынан 8 миңге жакын үлгү тоңдурулуп коюлганын белгилеген мекеме азыр Кыргызстан тийиштүү каражаттар менен камсыз болгонун, андыктан илдетти аныктоо тездей турганын билдирди.
Азыр мындай тесттен 2200 даана бар экени, бүгүн Орусиядан дагы 20 миңи келери айтылды.
5-6-апрелде Кыргызстанда COVID-19 вирусу 69 кишиде аныкталды. Алардын баары обсервацияда жаткандар:
Ош облусунда – 47
Бишкекте – 5
Чүй облусунда – 1
Нарын облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 13 киши.
Ошентип, 6-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрү табылгандардын саны 216 киши болду.
Буга чейин COVID-19 вирусу табылган эки кыргызстандык каза болгон, 6-апрелде дагы экөө көз жумду. 23 бейтап айыкканы кабарланды. (RK)