Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Тунис дарыгер аялдын элесин акчага түшүрдү


Тавхида бен Шейх.
Тавхида бен Шейх.

Тунистик дарыгер Тавхида бен Шейхтин элеси өлкөнүн 10 динарлык банкнотуна түшүрүлдү. Жаңы акча марттын аягында жүгүртүүгө чыгарылган.

Тунистин Башкы фондунун директору Абделазиз бен Саид бул чечимди илим жана медицинада ийгиликке жеткен аялзатына сый-урмат көрсөтүү максатында кабыл алынганын билдирди.

Шейх 1909-жылы төрөлүп, бала чагынан жетимдикти башынан өткөргөн. Францияда билим алган соң 1936-жылы мекенине кайтып, медициналык клиника ачкан. Ал кезде араб өлкөлөрүндө тейлөө кызматтарында дээрлик эркектер иштечү.

«Ал тунистик, араб жана түндүк африкалык алгачкы аял дарыгер болгон. Кийинчерээк бай-кедей, аял-эркек, бөлөк-бөтөн дебей кабыл алган ооруканасын ачкан. Ал ак жүрөк адам катары таанымал болгон. Өлкөсүн жана кесибин сүйүү менен өмүрүнүн аягына чейин дарыгерликти таштаган жок», – деп эскерет Тунис мурастарын изилдөөчү Абдесатар Амаму.

Тавхида бен Шейх 2010-жылы 101 жашында дүйнөдөн кайткан.

Медицинадан тышкары маданий агартууга да салып кошуп, алгач ирет француз тилинде «Лейла» аялдар журналын чыгарган.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы күчөп жаткан учурдагы мындай чечимди жергиликтүү тургундар кубаттоо менен кабыл алышты. Учурда COVID-19 илдетине каршы күрөшүп жаткан дарыгерлердин басымдуу бөлүгү аялдар.

XS
SM
MD
LG