7-апрелде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: 5…10, күндүз 19…24;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5...10,күндүз 19…24;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14,күндүз -1…+4 градус жылыйт.
7-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 22…24° жылуу болот.