6-апрелде Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында нааразылык жүрүшүнө чыккан ондогон медицина кызматкерлерин полиция кармап кетти. Шаардык оорукана менен медицина коллежинин кызматкерлери коронавирус пандемиясы күчөп турган шартта иштеген орундарында коргоочу кийимдер жок экенин айтканы шаардык бийликтин имаратына келе жатышкан.
Күбөлөр полиция операциясы учурунда медиктер тепкиге да алынганын айтып жатышат.
Нааразылык билдиргендер COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо учурунда 12 кесиптеши коронавирус жугузуп алганын ырасташууда. Өздөрү өкмөт коргоочу кийимдерди бергенден кийин гана ишке кайтышарын айтып жатышат.
Кветта шаары караган Белужистан провинциясынын бийлиги ооруканаларда тийиштүү жабдуу жетиштүү экенин билдирүүдө.
6-апрелге карата Пакистанда коронавирус жугузганы аныкталгандар 3469 кишиге жетти, алардын 50сү көз жумду.