Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык ошол жакка көмүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада өрттө каза болгон кыргызстандыктын сөөгү ошол жакта жерге берилет. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлагандай, жумуш берүүчү тарап бардык чыгымды өзү каржылап, жакындарына компенсация төлөп бермей болду.

Элчиликтин маалыматына караганда, кырсык 5-апрелге караган түнү Москвада курулуш жүрүп жаткан жерде болгон. Жумушчулар жашаган чатырдын ичинде меш бузулуп, кыргызстандык жаран иске ууланган.

Коронавирустан дарылоочу оорукананын курулушунда 40 жаштагы кыргыз жараны каза болгонун «Азаттыкка» ошол жакта иштеген Нурбек Абдрахманов аттуу кыргызстандык кабарлган. Ал чатырдан бир адам тышка чыга албай калганын айтып берген.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин кызматкерлери кырсык болгон жерге чыгып кетишкенин билдирген.

Ага чейин 30-мартта жумушчулар жашаган жети чатырда өрт чыгып, иштегендердин кийим-кечеси, документтери өрттөнүп, үч адам жабыркаганы маалым болгон. Кыргызстандыктар миңдеген мигрант иштеген жайда коронавируска байланыштуу санитардык коопсуздук, өрт өчүрүү жана тез жардам көрсөтүү каралбаганын белгилешкен.

Москвада жаңы инфекциялык оорукананы КМШ өлкөлөрүнөн барган миңдеген мигранттар салып жатышат. Расмий маалыматка караганда курулушка 6-8 миңдей жумушчу тартылган. Мекендештердин айтымында, алардын эки миңдейи кыргызстандыктар.

Москвадан 30 чакырым жерде жайгашкан Голохвастово кыштагында коронавирус жуккандар үчүн оорукананын курулушу 12-мартта башталган. 43 гектар аймакта жалпы аянты 70 миң чарчы метрден ашкан 500 орундук бейтапкана курулуп жатат. Москванын мэри Сергей Собянин аны бир айда бүтүрүүгө убада берген.

Коронавируска байланыштуу эки өлкөдө тең авиакаттамдар убактылуу токтоп турат. (RK/LzT)

XS
SM
MD
LG