Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жапония өзгөчө абал жарыялоого даярданууда


Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ.
Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ.

Жапон өкмөтү борбор Токио баштаган жети аймагына 7-апрелден тартып өзгөчө абал киргизүүгө камынууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Синзо Абэ дүйшөмбүдө билдирди.

«Бир айга жакын уланат. Инфекция таралып кетпеши үчүн адамдар ортосунда байланышты азайтууда эл менен бирге иштешибиз керек. Медициналык системабызды да жакшылап даярдашыбыз зарыл. Өзгөчө абал ушул себептерден улам жарыяланат», - деди премьер-министр.

Жекшембиде Жапонияда коронавируска чалдыккандар бир суткада кескин көбөйүп, 3500дөн ашып кеткен. Алардын 85и көз жумду. Илдетке чалдыккандардын ар үчүнчүсү Токио шаарында.

Өзгөчө абал учурунда элди үйүнөн чыкпоого, мекеме-ишканаларды жабууга үндөшөт. Ошол эле учурда аймактардын жетекчилери башка өлкөлөрдөгүдөй катуу чектөөгө барбашы керек, көп учурда эреже бузгандарга айыппул каралган жок.

Жапон өкмөтү солгундаган экономикасына кубат бериш үчүн миллиарддаган доллар жардам караштырып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG