Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

Орусиядан чартердик рейс менен 17 кыргызстандык келди  


6-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Екатеринбург-Бишкек каттамы аткарылды. Ал учак менен Кыргызстанга 17 жаран келди. Алардын ичинен эки адам Ички иштер министрлигинин ооруканасына, үч киши жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, калган 12 адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

«Урал авиа линиялары» учагы Орусиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбургга учуп кетти.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Орусияда дарыланып жаткан Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Кыргызстанга кайтып келерин жазышкан. Ушул күндөрү жүздөгөн сырттагы кыргызстандыктар мекенине кайта албай турушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG