Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

БУУ Кыргызстанга колдоо көрсөтөт


Озонниа Ожиело.
Озонниа Ожиело.

6-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаалды, коронавирустун жайылышына каршы күрөштөгү биргелешкен кадамдарды талкуулады.

Тактап айтканда, тараптар өлкөдөгү саламаттык сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу, чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сүйлөштү. БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело уюм кыргыз өкмөтү менен бирге сегиз артыкчылык берилген багытта иш алып барып жатканын айтты. Ошондой эле ал 2 млрд. доллар каражаты менен Гуманитардык жардам кылуунун глобалдык планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн экономикалык фонд түзүлгөнүн айтып берди.

БУУнун туруктуу координатору илдеттин жайылышынан улам пайда болгон кыйынчылыктарды жөнгө салыш үчүн Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG