Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Коронавируска чалдыккан Борис Жонсон реанимацияга которулду


Борис Жонсон.
Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг-стрит - британ өкмөтүнүн кеңсеси билдирди.

«Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду», - деп айтылат 6-апрелдеги билдирүүдө.

Жонсон коронавирус жугузуп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу «Ыйык Фома» госпиталына жаткырылган эле.

Ал «зарылчылык жаралса» ордунда иштеп турууну тышкы иштер министри Доминик Раабдан өтүнгөнү да кабарланды.

Борис Жонсон 55 жашта. 2019-жылдын 24-июлунан тартып Британиянын өкмөтүн жетектөөдө. Ага чейин падышалыктын тышкы иштер министри, Лондондун мэри болгон.

Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жугузгандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG