Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

7-апрель: Кыргызстанда дагы 12 адамда коронавирус табылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку суткада коронавирустун жаңы түрү дагы 12 адамга жукканы аныкталды. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, оору жаңы аныкталган 12 адамдын үчөө - эркек, тогузу - аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.

7-апрелге карата COVID-19 жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 228 болду:

Ош облусунда – 106

Жалал-Абад облусунда – 80

Чүй облусунда – 30

Нарын облусунда – 5

Баткен облусунда – 4

Ысык-Көл облусунда – 3 киши.

Министр кошумчалагандай, 228 адамдын 23ү айыкты, төртөө каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG