Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Министр: Тоңдурулган 8 миң үлгүнүн баары эки күндө текшерилип бүтөт


Республикалык референс-лаборатория.
Республикалык референс-лаборатория.

Кыргызстанда коронавируска текшериш үчүн мурда алынган үлгүлөрдүн баары эки күн ичинде изилденип бүтөт деп пландалууда. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Министр белгилегендей, бул үчүн тогуз лабораторияда адистер үч кезмет менен иштеп жатышат. Бир күндө 1300дөй анализ жасалууда.

Март айынын ортосунда Сауд Арабиясынан умрадан келгендерден алынып, тоңдурулуп коюлган үлгүлөр эми гана текшериле баштаганы, ПЦР анализ жүргүзүүгө керектүү реагенттер жок болгондуктан аларды тесттен өткөрүү мүмкүн болбой жатканы буга чейин айтылган.

Жалпысынан 8 миңге жакын үлгү тоңдурулуп коюлганын белгилеген мекеме азыр Кыргызстан тийиштүү каражаттар менен камсыз болгонун, андыктан илдетти аныктоо тездей турганын билдирген.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 228 адамда табылды, алардын 23ү айыкты, төртөө каза болду. (RK).

XS
SM
MD
LG