Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

ИИМ: Түндө 94 адам коменданттык сааттын талаптарын бузду


Бишкектеги өзгөчө абал учурунан бир көрүнүш. 31-март, 2020-жыл.
Бишкектеги өзгөчө абал учурунан бир көрүнүш. 31-март, 2020-жыл.

Алардын баарына коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Мындан тышкары 22 автоунаа атайын айып токтотмосуна коюлган.

Кармалган жарандар: Бишкек шаарында - 80, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад шаары боюнча - 3, Сузак районунда - 1, Кара-Суу районунда - 5 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Өзгөчө абал жарыяланган 25-марттан бери жалпы талап бузган 2038 адам кармалып, коё берилген.

ИИМ жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырып, өлкөнүн жана өзүнүн коопсуздугун сактоо жагынан жоопкерчиликтүү болууну эскертти.

Мындан тышкары жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырган.

Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 22-марттан тарта өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. Адамдарга күндүз да зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоо зарыл экендиги эскертилип келет.

Өлкө боюнча коронавирус жуккандар 7-апрелде 228 адамга жетти. Анын ичинен 23ү айыкты, төртөө каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG