Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Ала-Буканын дарыгерлери райондук оорукананын башчысын ордунда калтырууну суранышты


Ала-Бука аймактык ооруканасынын кызматкерлери. 6-апрель, 2020-жыл.
Ала-Бука аймактык ооруканасынын кызматкерлери. 6-апрель, 2020-жыл.

Ала-Бука аймактык ооруканасынын дарыгерлери азыркы кырдаалда башкы дарыгер Бактыгүл Алибаеваны ордунда калтырууну, кызматтык териштүрүүнү өзгөчө абал аяктаганда жүргүзүүнү республикалык штабдан суранып жатышат. Мындай өтүнүчтү жамаат райондун акими Эмилбек Абдыкадыровго билдирди. Буга чейин жамааттын мүчөлөрү социалдык тармактар аркылуу видеокайрылуу да тартышкан.

Коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб Ала-Бука аймактык ооруканасынын жетекчисине карата кызматтык териштирүү жүргүзүүнү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырган.

1-апрелде Ала-Бука аймактык ооруканасынын 15 дарыгери обсервацияга жаткырылган.

Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирустун жаңы түрүн жуктурган дарыгерлердин саны 19 болду. Булардын ичинен 7 дарыгердики акыркы суткада аныкталды. Булардын ичинде Ала-Бука аймактык ооруканын обсервацияга жаткырылган дарыгерлери бар-жогу тууралуу маалымат айтыла элек.

18-апрелден бери Кыргызстанда COVID-19 вирусу 228 адамдан табылды. Алардын 23ү айыкты, 4 киши каза болду. (RsK

XS
SM
MD
LG