Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Индия менен Пакистанда канча кыргызстандык дааватта экени белгисиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Пакистанда жана Индияда канча кыргызстандык дааватта жүргөнү белгисиз. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди:

«Алардын санын такташ өтө кыйын экен. Азыр муфтият менен иштеп жатабыз. Кандай жол менен келишсе да аларды обсервацияга жаткырабыз. Анализи таза чыкса гана коё беребиз».

Буга чейин Индиянын маалымат каражаттары Патна деген шаарда кыргызстандык 10 жаран кармалып, COVID-19 вирусуна байланыштуу текшерүүгө жөнөтүлгөнүн жазып чыккан.

Пакистандын борбору Исламабадда жана Абботабад шаарында Кыргызстандан барган дааватчылардан коронавирус табылган.

Тышты иштер министрлиги илдет жуккандар Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинде консулдук каттоого турбаганын, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылбаганын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG